"Ovo!" долбоорунун жаралуу тарыхы жана максаты
"Ovo!" долбоорунун идеясы 2025-жылы 12-ноябрда Ринат Байышов жана Кайрат Абдыкалыков тарабынан жаралып, аны ишке ашыруу башталган. Ошол күнү саат 19:30 чамасында Кайрат "Тулпар" такси кызматы аркылуу унаа чакырат. Келген айдоочу Ринат болуп чыгат жана алар "Даамдуу" тез татым жайына карай жол тартат. Жолдо баратканда Ринат Байышов эң сонун идея сунуштайт. Бул багыт Кайратка дагы көптөн бери кызыктуу болгондуктан, унаа ичинде кызуу талкуу жүрүп, жыйынтыгында өнөктөш болууну макулдашышат.
Абдыкалыков "Даамдуу" тез татымына кирип, тамактануу учурунда идеяны терең ойлонуп, үйүнө кайткандан кийин дароо программанын прототибин түзүүгө киришет. Ошентип, 12-ноябрдан 13-ноябрга караган түнү, саат 03:18де "WhatsApp" мессенджери аркылуу даяр болгон прототипти жөнөтөт. Байышов сунушту кабыл алып, прототипти жактырат. Андан соң Абдыкалыков толук иштеп чыгууга киришет.
Алдыда аларды күтүлбөгөн технологиялык кыйынчылыктар, иштеп чыгуудагы каталар жана аларды оңдоо сыяктуу тоскоолдуктар күтүп турган. Бирок, сапатка басым жасоо менен тиркемени жогорку деңгээлде жасоо зарыл эле. Байышов менен Абдыкалыков негизги жумуштарын таштап, бардык күчүн ушул долбоорго жумшашкан. Тиркеме идеалдуу түрдө, оңой менен бүткөн жок, көптөгөн каталар жана кыйынчылыктар менен коштолуп, бирок акыры "Ovo!" ишке ашты.
Бүгүнкү дата: 17.12.2025. Нарын облусу, Кочкор району.
"Ovo!" деген эмне?
Аталышынын мааниси — таң калууну, ылдамдыкты жана тездикти билдирет. Ал эми илеп белгиси (!) — жаңылыкты жана лидерликти бекитүү максатында коюлган.
Биздин максат
"Ovo!" — бул сиздердин, ар бир колдонуучунун жана айдоочубуздун үнүн угуп, бардык тарапка ыңгайлуулук жаратууну жана алдыңкы технологияларды камтууну көздөгөн долбоор. Биз ар бир жүргүнчүбүздүн жана айдоочуларыбыздын пикирин угууга 24/7 даярбыз. Угуп гана тим болбостон, каалоолорду жана ыңгайлаштырууну ишке ашыруу үчүн иш алып барууга милдеттүүбүз.
"Ovo!" сиздин колдооңузга муктаж! "Ovo!" сиздин кызматыңызда, "Ovo!" ар дайым сиздин жаныңызда!
Сизди "Ovo!"нун "WhatsApp" коомчулугуна жана каналына чакырабыз. Коомчулуктан сиз "Ovo!" тиркемесинин жана кызматынын көйгөйлөрүн айтып, жаңы идеяларды сунуштоого мүмкүнчүлүгүңүз бар. Жүргүнчүлөрүбүз жана айдоочуларыбыз менен биргеликте "Ovo!"ну өнүктүрөбүз!
Старт
"Ovo!" 17.12.2025-жылы Кочкор районунан старт алды, азыркы учурда иш Кочкор районунда жүрүп жатат. Жакынкы күндөрү бета-тест аяктаганда башка аймактарга дагы жайылабыз.
Баарыңыздардын көңүл бурганыңыздарга терең ыраазычылык менен,
"Ovo!" командасы.
Баса, биринчи жүрүш бизден!
Биздин Whats'App коомчулугубуз : https://chat.whatsapp.com/H7LbRuztKeA40qrlewTMoQ